Бийлик жаш мугалимдерди колдоп, пайызсыз ипотекалык үй берүүнү пландоодо

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Мамлекеттик мпотекалык компания жаш мугалимдерди пайызсыз турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыкты. Мындай тапшырманы минкаб башчысы Адылбек Касымалиев берди.
Маалым болгондой, өкмөттө мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү маселелери каралган жыйын өткөн. Анын жүрүшүндө минкаб төрагасы Агартуу министрлигине аймактарды бала бакчалар менен камсыздоону күчөтүүнү тапшырды.

“Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 миллиард сом каржылансын. Билим берүү 12 жылдык окууга өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. МИК жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын. Курулуш министрлиги Бишкек, Ош жана Манас шаарларында калк санынын өсүп жатканын эске алып билим берүү имараттарын куруу боюнча планды кайрадан карап чыксын”, — деди Касымалиев.

Жыйында 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоору каралды. Финансы министрлиги 2025-жылга 708 миллиард сом план коюлуп, январь-август айларынын жыйынтыгы менен 749 миллиард сом аткарылды, жыл аягына чейин 1 триллион сомго жетери күтүлүп жатканын маалымдады.
Бала бакча иштетем дегендерге декабрга чейин жеңилдетилген насыя берилет