ЖМК: Европа Россияга каршы жаңы согуш отун тутантууга аракет кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Европа Россияга каршы жаңы согуш отун тутандырууга аракет кылып жатканын норвегиялык Steigan басылмасына таянып РИА Новости жазды.

"Европа чоң согуштун босогосунда турат. Муну Польша эли каалап жаткандыктан же Россия жаңы фронт ачкысы келгендиктен эмес, НАТО менен АКШга өз оюнуна кошо турган фигура керек болгондуктан жасашмакчы. Бул схемага Польша туура келип, Россия менен болгон жаңжалда фронттук мамлекеттин ролун алуу үчүн Варшава барган сайын басымга дуушар болууда", — деп жазылат макалада.

10-сентябрда Польшанын премьер-министри Дональд Туск "коркунуч жараткан" учкучсуз учактар Польшанын аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирип, өлкөнүн аба мейкиндигин 19 дрон кесип өткөнүн белгилеген. Саясатчы бул үчүн Москваны негизсиз айыптаган.
РФ Коргоо министрлиги россиялык күчтөр 10-сентябрга караган түнү Украинанын аскер-өнөр жай комплексинин объектилерине массалык сокку урганын, бирок Польшанын аймагы бутага алынбагын билдирген. Министрлик бул маселе боюнча польшалык кесиптештери сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Бул Варшаванын аба мейкиндигин бузду деп Москваны негизсиз айыптаган биринчи учуру эмес. 2022-жылдын аягында Польшанын Украина менен чек арасына снаряд түшүп, эки киши каза болгон. Алгач жергиликтүү бийлик ок-дары Россияда жасалган деп божомолдоп, кийинчерээк ошол кездеги президент Анджей Дуда бул Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык болушу мүмкүн экенин мойнуна алган.
ЖМК: Трамптын Россия боюнча жасаган акыркы билдирүүсү Европаны түйшөлтүүдө