Барскоон – Бедел жолунда өлкөдөгү эң ири эки тоннелдин курулушу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Барскоон — Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушун баштап берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 3

Барскоон — Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушу башталды

2 / 3

Курулушка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев капсула салды

3 / 3

Тоннелдер Сөөк жана Ашуу-Сай ашууларында салынат

Жолдун өзү августта башталып, курулушка президент Садыр Жапаров старт берген. Анда көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел коргоочу тосмолорду куруу каралган. Жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт.
"Тоннелдер Сөөк жана Ашуу-Сай ашууларында салынат. Биринчисинин узундугу 5 340, экинчисиники 3 840 метрди түзөрү айтылды. Курулуш иштерине 287 адис жана 162 атайын техника тартылып, курулушчулар үчүн бардык шарты бар төрт лагерь түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Барскоон – Бедел эл аралык автожолу өлкөнүн транспорттук байланышын өнүктүрүүдөгү негизги элементтердин бири экени белгиленди. Тоннелдердин курулушу убакытты үнөмдөөгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.
Нарындагы Салкын-Төр жаратылыш паркы президенттин иш башкармалыгына өттү