БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин токтому менен "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит-2" долбоору бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Документке ылайык, бала бакча ачып иштетем дегендерге ушул жылдын декабрына чейин жеңилдетилген насыялар берилмекчи.
Бул кредитти алуу үчүн алгач Агартуу министрлигинин комиссиясынан өтүп, андан соң төмөнкү документтерди тапшыруу керек. Алар:
министрдин атына арыз;
мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин жана балдарга түзүлгөн шарттарын чагылдырган бизнес-план;
долбоордук-сметалык документтер.
Экинчи этапта "Элдик банк" менен Айыл банктын" комиссиясынан өтүү зарыл.