БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзү бир катар европалык саясатчыларды тынчсыздандырды. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анда европалыктар Трамптын билдирүүсүн жалпы демократиялык баалуулуктарга кооптуулук катары кабыл алышканы айтылат.
Трамп кайрылуусунда миграция менен энергетика маселелерин "Европаны кыйраткан эки баштуу ажыдаар" деп атаган. Ошондой эле ал Европа өлкөлөрү көзөмөлсүз иммиграциядан улам “тозокту” көздөй бара жатканын, ал эми климат өзгөрүп жатат дегени адаштыруу экенин белгиледи.
"Бул сөз Европада көпчүлүктү тынчсыздандырды. Айрымдар анын тонунан эле эмес, кебинен жалпы баалуулуктарга жарака кетирүү аракетин көрүштү", — деп жазат агенттик.
Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европа сөз эркиндиги сыяктуу негизги баалуулуктарды сактап каларын белгилеп, бирок АКШдагы айрым саясатчылардан ал көрүнбөй жатканын айткан.
"Балким бизге америкалык абаны баллон менен импорттоого туура келер, эгер ал чын эле ушунчалык таза болсо", — деди Франциядагы европалык дипломат.