Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу зарылдыгы айтылды. Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул максатта программа иштеп чыгууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга тапшырды. Ал эми Курулуш министрлигине Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, билим берүү имараттарын куруу боюнча башкы планды кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи. "Аларды учурдагы жарандык курулуш стандарттарына жараша заманбап инклюзивдик талаптарына ылайык кайра түзсүн”, - деди Адылбек Касымалиев.
УКМК тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу (вемкам-студия) жана ага көмөктөшүү боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы аймактарынан батирлерди ижарага алып келишкени аныкталган. Аталган аймактарда ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү ачык-айкын онлайн көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган оюнчуктар табылып, алынган. Белгилей кетсек, веб-камерага моделдерди кабыл алуу социалдык тармактарда жарнама аркылуу ишке ашырылган. А.С.Н., С.А.С., Т.М.М., А.А.А., М.А.А., Т.М.У аттуу вебкам моделдерине карата административдик чаралар көрүлгөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзбекстандын борборунда улуттук маданий борборлор үчүн курулган «Достук» шаарчасынын ачылыш аземи болуп өттү, деп маалымдайт кабарчыбыз. Иш-чарада Республикалык улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер комитетинин төрагасынын орун басары Бегзод Шукуров сөз сүйлөп, өлкөдө жашаган бардык улуттардын ар тараптуу өнүгүшү Өзбекстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Шанхай кызматташтык уюмунун Элдик дипломатия борборунун төрагасы Кобилжон Собиров да конокторго кайрылып, Конституцияда өлкөдөгү бардык элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо мамлекеттин милдети катары көрсөтүлгөнүн эске салды. «Бул шаарчада курулган ар улуттун үйлөрү алардын тилин, каада-салтын, үрп-адатын жана руханий баалуулуктарын сактоого чоң өбөлгө болот», – деди ал.Эске салсак, Өзбекстанда 130дан ашык улуттун өкүлдөрү жашап, алардын 157 улуттук маданий борбору иштеп келет.