БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Көп кабаттуу үй курган компаниянын жетекчилери алдамчылыкка жана курулуш нормаларын бузууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан "Санхаус плюс" турак жай комплексинин тургундары социалдык тармак аркылуу бийлик органдарына кайрылган. Алар курулуш компаниясы жарнама маалында убада кылган инфратүзүм толук курулбай, имарат эксплуатацияга берилбей жатканына нааразы болушкан.
Жашоочулардын кайрылуусун текшере келгенде үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен салынганы аныкталган. Мисалы, долбоордо көрсөтүлгөнүнө карабай жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жашоочуларга берилгендин ордуна коммерциялык жайга айланып калган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Мында алып-сатуу боюнча келишимдин шарттары бузулган. Компаниянын жетекчилери Курулуш министрлиги аркылуу аталган турак жайды мунапыска туш келген объектилердин тизмесине киргизүүгө аракет кылышкан. Ал ишке ашканда долбоор өзгөргөн абалында кабыл алынып, жашоочуларга убада кылынган жер астындагы унаа токтотуучу жайлар берилбей калмак", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын иликтөө иш-чараларынын алкагында курулуш компаниясынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, убактылуу кармоо абагына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө алар күнөөсүн моюнга алып, жанаша жайгашкан аймакка унаа токтотуучу жай куруп берүүнү убада кылышкан.