БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Россия тууралуу жасаган акыркы билдирүүсү Владимир Зеленский менен Европанын саясаты канчалык калпыс экенин көрсөттү. Мындай маанидеги макаланы The Spectator жарыялаганын РИА Новости жазды.
"Трамп Европа менен Зеленскийдин калпын чыгарды. Путинди жеңе алам дейсиңерби? Алга! Европанын зомбулукка кабылуусуна жол бербейбиз деп жатасыңарбы? Алга, достор!" — деп басылма АКШ лидеринин сөзүн чечмелеп берген.
Макалада Трамп Евробиримдиктин алсыз жактарын көрсөтүп, Европа азыр да россиялык энергоресурстун импортеру болуп жатканын эске салганы айтылат. Авторлор жаңжал башталгандан бери европалык лидерлер АКШнын акчасына таянуу менен чечим кабыл алып келгенин белгилешкен. Эми Трамп оюндан четтеп, Европаны жалгыз калтырууда.
Дүйшөмбү күнү Киев режиминин башчысы Владимир Зеленский БУУ Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко келген. Иш-чаранын алкагында Дональд Трамп менен жолугуп, россия-украин чырын жөнгө салууну талкуулаган.
Экинчи күнү Трамп Украина ЕБдин жардамы жана НАТОнун финансылык көмөгү менен "өлкөсүн баштапкы калыбына кайтара алмактыгын" айткан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын акыркы билдирүүсү Зеленский менен болгон сүйлөшүүнүн таасири алдында жасалган болушу мүмкүн экенин белгилеген болчу.