Россия элчиси Токмокко барып мэр менен бир катар долбоорлорду талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Токмок шаарына барып келгенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Дипломат калаа мэри Алтынбек Эргешов менен жолуккан. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлор талкууланганы айтылды.
1 / 2

Дипломат калаа мэри Алтынбек Эргешов менен жолуккан

2 / 2

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлор талкууланганы айтылды

Андан кийин делегация Central Asia Hub индустриялык паркынын курулушу үчүн мэрия бөлүп берген жер тилкесин көрүп чыкты.
Сапардын соңунда Токтогул Сатылганов атындагы №13 мектептин компьютердик классы салтанаттуу ачылды. Жаңы класс Россиянын Central Asia Capital фонду жана РФ элчилигинин колдоосу менен жабдылган.
Бишкекте россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өттү. Видео