КРСУ ректору: Кыргызстанда орус тили стратегиялык мааниге ээ

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили улуттар аралык баарлашуунун жана евразиялык мейкиндикке интеграциялануунун стратегиялык каражаты катары роль ойнойт. Бул тууралуу КРСУнун ректору Сергей Волков "Бүгүнкү билингвалдуу билим берүү: глобалдык чакырыктар жана майнаптуу практикалар" форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Ал глобалдашуу, миграция, санариптештирүү шарттарында тил саясаты боюнча маселелер өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, ошондуктан азыркы билим берүүнүн алдында көп тилдүүлүктү жана маданий ар түрдүүлүктү эске алуу менен орус тилин жана башка предметтерди окутуунун жаңы ыкмаларын калыптандыруу милдети турганын белгиледи. Мында дал билингвалдуу модель педагогдорго студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана маданияттар аралык диалогго жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Волков КРСУ билингвалдуу программаларды өнүктүрүү, жаңы муундун педагогдорун түзүү жана илимди, билим берүүнү, инновацияларды интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча активдүү иштеп жатканын белгиледи.
"Кыргызстанда орус тили социомаданий жана билим берүү процесстерине таасир этүүчү тил саясатынын өз алдынча субъекти болуп саналат", — деди ректор.
Байсалов: орус тили билимдин эң маанилүү булагы бойдон калууда