Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Тынчтыкты эмес, согушту ойлонот. Кремль Зеленскийдин опузасына үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Россияга карата опузасы Киев режиминин согушту гана ойлонорун тастыктап турат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Кремль өкүлүнүн айтымында, муну менен Зеленский акырынан жем жеген европалыктардын алдында өзүн ийгиликтүү согушкер катары көрсөтүүгө аракет кылууда.
"Зеленскийдин ар кимди коркута бергени — жоопкерчиликсиздик. Киев режиминин тынчтыкты эмес, согушту гана ойлой турганын дагы бир жолу тастыктайт. Ал эми фронттогу абал такыр башка", — деди Песков.
Ал Украинанын абалы жана сүйлөшүү позициясы начарлап баратканын кошумчалады.
ЖМК: Трамптын Россия боюнча жасаган акыркы билдирүүсү Европаны түйшөлтүүдө