БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Билим берүүнүн сапатын өлкөлөр менен ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтыктан тышкары өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Елена Тумакова билдирди.
Ал Бишкек шаарындагы КРСУда өтүп жаткан "Билингвалдуу билим берүү: глобалдык чакырыктар жана натыйжалуу практикалар" форумунун пленардык сессиясында баяндама жасады.
"Биз глобалдык өзгөрүүлөр доорунда жашап жатабыз. Окутуу ыкмалары өзгөрүп, жаңы куралдар пайда болууда. Мында университеттер четте калбашы керек. Өнүгүүнүн башкы ресурсу – өнөктөштүк. Трансформацияны жалгыз жасоо мүмкүн эмес, ал эми биргеликте жаңы программаларды түзүп, билим берүүнүн сапатын жогорулата алабыз", — деди Тумаков.
Ал билингвалдуу билим берүүнү алдыга жылдырууда славян университеттеринин ролуна өзгөчө көңүл бурду. Эксперт КРСУнун ийгиликтүү тажрыйбасын белгиледи, анда жогорку билим берүү программалары менен катар орус жана кыргыз тилдеринде мектептик жана кошумча билим берүү долбоорлору активдүү өнүгүүдө.
"Кыргыз-Россия Славян университети комплекстүү мамиленин үлгүсүн көрсөтөт. Анда мектептен баштап жогорку окуу жайга чейин орус тилинде окуу жана эки диплом алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай тажрыйбаларды колдоп, өнүктүрүү зарыл, анткени дал ушулар шыктанган абитуриенттерди тарбиялоого жана эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоого мүмкүндүк берет", — деди Тумакова.
Ал санариптештирүү жана жаңы технологияларды киргизүү жаатында славян университеттери менен россиялык жогорку окуу жайлардын ортосунда тажрыйба алмашуу маанилүү экенин баса белгиледи.