Бишкек жана Ош мэрияларында айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулайт

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек менен Ош мэрияларында айрым кызматкерлердин айлыгынын үстөгү жана сый акысы жогорулайт.
Белгилей кетсек, республикалык маанидеги шаарлардын мэрия кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми мэриянын тейлөөчү жана кичи тейлөөчү кызматкерлеринин айлыгына 200 пайызга чейин үстөк кошууга болот. Ошондой эле жылына эки айлыктын чегинде жарым жылдык жана жылдык жыйынтыктар боюнча премияларды жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилген башка төлөмдөрдү дайындаса болот.
Анткен менен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин чегинде гана каржыланат. Токтом 23-сентябрда күчүнө кирди.
Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулат. Облус башчынын убадасы