БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Ынтымак ордодо" ЕАЭБ менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пунктуларынын ишин жакшыртуу боюнча жыйын болду. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Иш-чара минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага тиешелүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери катышты.
Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү, маморгандардын кызматташтыгын күчөтүү керектигин белгилеген. Ошондой эле бюджетке түшчү салыкты жоготууга шарт түзгөн учурларды жоюуну тапшырган.
Мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын президенттин администрациясына караштуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзөт.