Кыргызстан социалдык маанилүү тогуз азыктын алтоо менен өзүн толук камсыздайт. Бул тууралуу Чолпонай Жолочу кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө стратегиялык өнүгүү багытын алдын ала пландаштырууда.
"Учурда Кыргызстан ЕАЭБдин өкүлү болгондуктан уюм тарабынан узак мөөнөттүү сунуштар берилип, социалдык мааниге ээ азык-түлүктү экспортко болжолдоп чыгарып турабыз. Бул узак мөөнөттү божомол 2034-жылга чейин бекилип жатат. Башкача айтканда, стратегиялык өнүгүү багытыбызды алдын ала пландаштыруудабыз. Мындан тышкары, суроо-талап менен сунуштун болжолдуу балансы ЕАЭБдин алкагында түзүлөт. Буга биздин өндүрүш көлөмүбүз, беш өлкөнүн ичиндеги импорт, экспортту кандай жүргүзүп жатканыбыз жана кайсы азык-түлүктү экспортко чыгара аларыбыз камтылган. Учурда тогуз социалдык маанилүү азык-түлүк менен камсыздоо каралат. Анын ичинен алты азык менен өзүбүздү толук камсыздап келебиз", — деди Жолочу кызы.
Ал Кыргызстан үч азык-түлүк боюнча импорттон көз каранды экенин белгиледи.
"Биз өсүмдүк майы, мөмө-жемиш жана буудай жаатында импортко көз карандыбыз. Ошол себептен ЕАЭБдин ичинде жашылча-жемиш, картошка, эт, сүт менен экспортко чыгууну сунуштайбыз. Акыркы 7 айдын негизинде 234,7 тонна картошка өндүрүлүп, 102 пайызга камсыздалдык. Ал эми жашылча-жемиштен 89,7 тонна өндүрүлүп, 110 пайызга камсыздалсак, эт боюнча 80 пайызга камсыздалып, союлган даяр эт 136,7 тоннаны түздү. Негизи уй, кой, жылкы этине толук камсыздалабыз, бирок тоок эти жетишсиз. Ошондуктан ЕАЭБ ичинде кийинки жылга 48 миң тонна тоок этине, 5000 тонна уй этине жана 2000 тонна чочко этине суроо-талап киргиздик. Учурда эттин баасы өлкөдө 680 сомдон 700 сомго чейин жетип жатат. Биз дагы жумасына бир жолу мониторинг кылып турабыз. Ошондой эле сүткө болгон камсыздоо 121 пайызга жетти. Буга чейин шекер, жумуртка менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай алчу эмеспиз, бирок акыркы эки жылда түшүм жакшы болуп, жумуртка өндүрүүчүлөр Кыргызстандын аймагында көбөйдү. Шекер жети айдын ичинде 35 200 тонна өндүрүлүп, 83 пайызга камсыздалдык. Булар сезондук азык-түлүктөр болгондуктан жогорудагы көрсөткүч жетишсиз сезилет. Негизи бизге импорт жазында башталып, жайдын ортосуна чейин келет. Андан кийин өзүбүздүн мөмө-жемиш бышып баштайт. Ошондуктан жогорудагы үч азык боюнча төмөнкү көрсөткүч берилет", — деди Жолочу кызы.
Ал өсүмдүк майы жалпы жети айдын жыйынтыгында 50 пайызга чейин өндүрүлгөнүн кошумчалады.