Айсулуу Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланганын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.
Шайлоо Загребде өткөн дүйнө чемпионатында болуп, планетанын булуң-бурчунан келген 400дөй спортчу добуш берген. Анын жыйынтыгы менен аталган комиссиянын курамына Кыргызстан менен биргеликте Аргентина, Япония, Венгрия, Иран, Греция, Египет, Австралия жана Түштүк Африканын өкүлдөрү кирди.
Федерация UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу спортчулардын кызыкчылыгын UWW Бюросунда жана Конгрессинде коргоо мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи. Комиссия дүйнөлүк деңгээлдеги чечимдерге таасир этүүчү маанилүү платформа болуп саналат.
Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки, Азиянын алты жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш, Париж Олимпиадасынын коло байге ээси.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында Азиянын мыкты балбаны деп табылды