БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26...+28 градуска көтөрүлөт.