БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. УКМК Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемадан улам чек арачылар, салык кызматкерлери, Транспорт министрлиги менен Фитосанитардык кызматтын өкүлдөрү Камчыбек Ташиевдин жыйынында кантип кармалганын көрсөттү.
Белгилей кетсек, жыйын 24-сентябрда өткөн. Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө.
Ташиев өткөргөн жыйын учурунда Салык кызматынын — 7, Чек ара кызматынын — 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын — 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалган.