Бишкекте 23-24-сентябрда II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өттү. Форум эки өлкөнүн билим берүү, илимий уюмдары жана бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча экени белгиленди. Россия менен Кыргызстандын университеттеринин өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, өнөр жай өнөктөштөрү менен практикалык кызматташуусу негизги тема болду. 80ден ашык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 20дан ашык семинарлар, мастер-класстар жана тегерек столдор пландаштырылып, жогорку деңгээлде уюштурулду.