БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова "Жылдын мыкты мугалими" наамын жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматта республикалык сынакка 111 мугалим катышып, 18 номинация боюнча билим жарышы болгону белгиленген.
Жеңүүчү мугалим соцтармактагы баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирип, кубанычтан көзүнө жаш алган.
"Кечээтен бери "Мыкты кыргыз тилчи" наамын берсе экен деп күтүп жатсам, кудайдын белеги андан да чоң болду. Менде сөз жок. Абдан ыраазымын", — деп жазган Асанова социалдык баракчасына.
Сынактын жобосуна ылайык, бул наамды алгандарга батир берилет. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи мугалимдер күнүн утурлай 4-октябрда Улуттук филармонияда өтөт.