Жаңы кабыл алынган жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы экономикалык өсүштү камсыз кылуу менен бирге экологиялык тобокелдиктерди азайтат. Бул тууралуу Амантур Толебеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул — ички жана эл аралык деңгээлде туруктуу өнүгүүнү камсыздаган натыйжалуу экономикалык модель.
"Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы калктын жашоосун жакшыртууну көздөйт. Ички жана эл аралык деңгээлде туруктуу өнүгүүнү камсыздаган натыйжалуу экономикалык модель. Артыкчылыктарын айтсам, экономикалык өсүштү камсыз кылуу менен бирге экологиялык тобокелдиктерди азайтып, табигый капиталды сактап, калктын бакубаттуулугун жогорулатат. Энергияны, ресурстарды үнөмдөйт жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптацияны жакшыртат. Бул нерсе элдин ден соолугун жакшыртуу менен бирге бир катар оң өзгөрүүлөрдү да алып келет. Мисалы, энергетикадагы натыйжалуу чаралар коммуналдык төлөмдөрдү төмөндөтөт. Айыл чарбадагы өзгөрүүлөр азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат. Туризмдин өнүгүшү жергиликтүү экономиканы күчөтөт", — деди Толебеков.
Ошондой эле ал аталган программаны ишке ашырууга учурда инфраструктуралык жана кадр өксүгү тоскоолдук кылып жатканын, аларды чечүү үчүн тийиштүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.