БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жүктүн ташылышын көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде 2026-жылдын февралынан тарта навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Чечим Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы тарабынан кабыл алынды.
Макулдашууда көзөмөлдү ташылган товардын категориясына жана транспорттун түрүнө жараша акырындык менен киргизүү каралган. ЕЭКтин бажылык кызматташуу министри Руслан Давыдов чечимди ишке ашыруу үч этаптан туруп, 1,5 жыл керектелерин белгиледи.
Биринчи этапта навигациялык пломбалар төмөнкү учурларда колдонулат:
санкция салынган жана айрым акциздик товарларга, анын ичинде алкоголь менен тамекиге, аларды автотранспорт же темир жол аркылуу транзит же экспорт жол-жоболору боюнча ташыганда, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы ташууларда;
автомобиль менен ташылган кийим-кече, бут кийим, техника сыяктуу товардын өзүнчө категориясына;
никотин камтыган продукцияга жана никотин чийки затына (ТЭНдин 2404, 2939 79 000 0 жана 2939 80 000 0 позицияларына кирген), алар автотранспорт менен ташылып, ЕАЭБ бажы аймагынан чыгарылгандарга карата.
Евразиялык экономикалык биримдикте жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимге 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлуп, 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген.