БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча кызматташуунун үч жылдык жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал ушул жылдын май айында күчүнө кирген ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен комитеттин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча брифингде сүйлөдү.
Жыйынга Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Мохаммад Атабак, ошондой эле ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов катышты.
“Көлөмдүү документ транспорт жана логистика сыяктуу негизги бөлүмдөрдү, биринчи кезекте Түндүк — Түштүк коридорун камтыйт. Биз "жашыл" бажы коридорлорун түзүү, санариптештирүү, электрондук транзитке өтүү боюнча макулдаштык. Бул биздин ишканаларга өз продукцияларын Иран рыногуна тез жеткирүүгө жол ачат”, — деди Слепнев.
Мында ошондой эле "Евразиялык агроэкспресс" долбоору боюнча тоңдурулган жүктөрдү ташууну кеңейтүү, порттор аркылуу кызматташууну жана ирандык порттор аркылуу Инд океанынын акваториясына чыгуу келечеги менен инфраструктура боюнча пландарды координациялоо каралган.
Буга байланыштуу ЕЭК министри Индия тарап менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча активдүү консультациялар жүрүп жатканын эске салды. Пакистан менен да ушундай эле кызматташуу пландаштырылууда. Бул иштер ирандык өнөктөштөрдү Түндүк — Түштүк коридорундагы эң маанилүү звеного айлантат.
Слепнев ошондой эле Ирандын ЕАЭБден товарларды импорттоого болгон чектөөлөрдү алып салуу боюнча олуттуу иштерин белгилеп, муну өнөктөштүн Евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнө берген уникалдуу преференциясы деп атоого болорун айтты.
“Айрыкча Адал сертификациясы боюнча документке кол коюлганын белгилей кетким келет, бул айыл чарба продукциясын сатуу үчүн маанилүү нерсе. Биз Ислам метрология уюмунун стандарттарына ылайык иш жүргүзүүнү макулдаштык”, — деди ЕЭКтин соода министри.
Тараптар стандарттар боюнча ишти баштоо жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу боюнча макулдашышты. Жөнгө салуучу органдардын көмөгү менен ЕАЭБ жана Иран мамлекеттеринин ири маркетплейстеринин ортосунда чакан жана орто бизнестин товарларын жеткирүү каналын камсыз кылган практикалык диалог башталды.
Айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларынын сатылышына таасир этүүчү санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелерин кароо жана навигациялык пломбаларды пайдалануу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу да макулдашылды.
Слепневдин айтымында, Иран менен толук кандуу эркин соода жүргүзүү келишими май айында гана күчүнө киргенине карабастан жакшы жыйынтыктар байкала баштады. Мисалы, январдан бери товар жүгүртүү 16 пайызга өскөн. ЕЭК министри орто мөөнөттүү келечекте сооданы эки эсеге көбөйтүү жана 12 миллиард долларлык көрсөткүчкө жеткирүү боюнча мурда айтылган пландарды ырастады.