Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ аткаминерлери Трамптын Украина эски чек арасына кайта алат дегенин чечмелешти

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Америка президентинин Украинанын мурунку чек арасына кайтуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөзү Россияга кысым көрсөтүү үчүн айтылды. Бул тууралуу CNN АКШлык чиновниктерге таянуу менен билдирди.
Эскерте кетсек, Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин "Украина ЕБдин колдоосу менен өлкөнү алгачкы калыбына келтирип, керек болсо андан да ары бара алмак" деген. Зеленский мындай билдирүүгө абдан таң калганын айтса, Трамп Украинанын кандайдыр бир чара көрүүсүнө убакыт жеткенин белгилеген болчу.
"Трамп НАТО лидерлеринин азганактай бөлүгү колдоого алган мындай позицияны ачык айтып, эки тараптын тынчтыкка келүүсүн эртелетмекчи", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Билдирүүдө Москваны сүйлөшүүгө ынандыруу үчүн АКШ президентинин ою өзгөрүп жатканы белгиленген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмирий Песков Трамп Зеленскийдин таасири менен жаңы билдирүүлөрдү жасашы мүмкүн экенин божомолдоду. Анын айтымында, Кремль АКШ лидеринен украин чатагын жөнгө салуунун конструктивдүү багытынан баш тартканын уга элек.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Россия Украина менен абалды жөнгө салуунун саясий аспектилерин талкуулоого жана ар форматта иштөөгө даяр экенин билдирген. Москва ушу кезге чейин Киевден гуманитардык, аскердик жана саясий маселелерди чечүү үчүн үч жумушчу топ түзүү сунушуна жооп ала элек. Путин сүйлөшүү үчүн Зеленскийди Москвага чакырган, Киев режиминин башчысы андан баш тарткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров менен Рубио Украинадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулады. Видео