Трамп БУУ башчысынан Башкы Ассамблеядагы "саботажды" иликтөөнү талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке анын аталган уюмга болгон сапарындагы калпыстыктарды иликтөөнү талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул кокустан эле бири-бирине дал келип калган жок. БУУдагы үч катар болуп жасалган саботаж. Уят эле нерсе. Башкы катчыга каттын көчүрмөсүн жиберип, иштин токтоосуз иликтөөгө алынышын талап кылам", — деген Трамп.
Ак үйдүн кожоюну калпыстыктарды териштирүүгө АКШнын атайын кызматы да катышып жатканын айтты.

Президент эмнеге нааразы болгон

Шейшемби күнү Трамп Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуу үчүн келгенде эскалатордо калып калганы маалымдалган. Ал муну трибунадан да айткан.
Уюмдагы маалымат булагы РИА Новостиге көтөрүлүп бара жатканда кимдир бирөө кокусунан коргоочу кошумча механизмди басып алып, андан улам эскалатор токтоп калган. Башкы катчынын мекемеси да бул версияны тастыктап, ага Америка делегациясынын оператору күнөөлүү болушу мүмкүндүгүн айтышкан. Мындан тышкары, Трамп залда сүйлөгөндө телесуфлер дароо иштеп кеткен эмес. Үчүнчүдөн, президент үнү жалпыга бирдей угулушунда "маселе жаралганын" айткан. Тагыраагы, анын сүйлөгөндөрүн залда отургандардын ичинен кулакчыны барлар гана укту деп догурунууда.
Эске салсак, Трамп сүйлөгөндө залдагылар жапырт чыгып кеткен видео тараган.
Трамп Ак үйдөгү айтылуу "кызыл баскычты" көрсөтүп, кантип иштээрин да айтты. Видео