БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Студенттер Face ID аркылуу жоктолуп, лекцияларда QR-коддорду колдонушат. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Өмүров Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жылына 3-3,5 миң студент ар кандай себеп менен окуудан чыгарылат. Алардын арасында катталып, бирок окубагандар болушу ыктымал.
"Муну жокко чыгаруу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны ишке киргизебиз. Ал студенттердин сабакка катышуусун жана кыймылын реалдуу режимде, ар бир группага чейин көрүүгө мүмкүндүк берет", — деди Өмүров.
Платформа университеттердин электрондук журналдарын жана деканат системаларын бириктирет. Анда Face ID, QR-коддор жана катышууну автоматтык каттоо сыяктуу көзөмөл каралган. Ошондой эле система студенттерге коррупциялык учурлар боюнча анонимдүү сурамжылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Министрдин орун басарынын айтымында, пилоттук сервистер ушул окуу жылынын экинчи жарымында ишке кирип, платформа келерки жылдан баштап толук кандуу иштей баштайт.