Смоленскини бошотуу чабуул койгон стратегиялык "Суворов" операциясынын бир бөлүгү болгон. Анын алкагында төрт операция жүргүзүлгөн.
"Шаарда жүрүүгө мүмкүн эмес эле: баары күйүп, бөлүнүп-чачылып, чакчелекей түшүп жатты. Мунун баарын эстегенде жүрөк ооруйт, унута да албайсың", — деп партизандык отряддын командири Александр Хомич эстеген.
Немецтер "Смоленск дарбазасын" кармап турууга чоң маани беришкен. Ал Днепр менен Батыш Двина ортосундагы аймак болчу. Эгер аны колдон чыгарса Москвага бомба таштоого ыңгайлуу аэродромдорунан ажырап калмак.
Ошондуктан бул аймактар оккупацияда турган кезде немецтер туткундардын, элдин күчү менен беш катмарлуу кубаттуу коргонуу түзүшкөн.
"Суворов" операциясындагы жеңиш үчүн 110 миң адам өмүрүн берген. Учурда Смоленскиде боордоштордун 13 мүрзөсү турат. Ал жерге жашырылган 48 миң адамдын аты-жөнү такталбай калган.