Биздин ийгилик утушка тете. Ырчылар "Интервидениедеги" сезимдери менен бөлүштү

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Интервидение-2025" эл аралык сынагында экинчи орунду алган кыргызстандык Nomad тобунун мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, иш-чара тууралуу айтып беришти.
Үч ырчынын бири Азат Раимбердиев команда жараткан ийгиликтин аркасында жалпы элдин колдоосу бар экенин белгиледи.
"Live Arena сахнасында ырдап жатып, аралыктан болсо да элдин колдоосун сездик. Бир аз толкундануу болду, бирок буга чейин топтогон тажрыйба бизди ийгиликке жетеледи. Айрыкча сахна артында бизди көзөмөлдөп жаткан дарыгерлер, аренанын кызматкерлери да бизге күйөрмандык кылганы абдан кубантты. Бул — биздин жалпы команданын эмгеги. Андан тышкары, россиялыктардын арасында да бизге жан тарткандар көп болду. Бул — сөз менен айтып бергис укмуштуудай эмоция", — деди ал.
Ырчылардын айтымында, сынактын масштабы абдан кеңири болду. Репетициянын өзү эле алты миңден ашык көрүүчүнүн алдында өтүп, жарыштын жеңүүчүлөрү ошондо эле иргелип калган. Аларга көрүүчүлөр гана эмес, "Интервидениенин" режиссёрлору да абдан жылуу пикир билдиришкен.
Трионун дагы бир мүчөсү Бек Исраилов конкурс музыкалык олимпиадага айланганын, алар алган экинчи орун жеңишке тете ийгилик экенин айтты. Миңжашар Мурзаев башынан эле трионун биринчи үчтүккө кирүү үчүн стратегиялык планы болгонун, ал ишке ашканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, эл аралык музыкалык конкурс 20-сентябрь күнү Москванын Live Аренасында өтүп, 23 мамлекеттин өнөрпоздорун чогултту. Кыргызстандык топ Махабат Молдалиеванын сөзүнө жазылган Мурзали Жээнбаевдин "Жалгыз сага" чыгармасын аткарды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен вьетнамдык ырчы биринчи орунду ээлеген. Ал эми үчүнчү орунду катардык ырчы алган.
Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение” сынагында кандай ырдады. Видео