БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттерди жыл сайын, жарым жыл сайын же белгилүү бир модулдан кийин аттестациядан өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында окуу жайды атайын комиссия текшерген.
"Жыйынтыгында окуу жайдын администрациясы тарабынан сегиз мугалимге тартиптик жаза берилип, университеттин Маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, жогорку билим тууралуу төрт диплом жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Себеби студенттерден сессия, модуль жана жылдык сынактарды алууда тартип бузулган.
Атайын кызмат коррупцияга аралашкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан жоопкерчиликке тартыларын эскертти.