БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу" наамын Аяна Расул кызы алып, 200 миң сомдук сертификатка ээ болду. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.
Сулуулар сынагында баш байге дагы үч кызга берилген. Алар:
Анара Эсенгелдиева, Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусуна" катышмакчы;
Медина Эрмекова, өлкө атынан Miss Grand International эл аралык сынагында ат салышат;
Сюзанна Уметова, Miss International эл аралык сынагына күчүн сынайт.
Аяна Расул кызы — ырчы Расул Маматкуловдун кызы, Айгерим Расул кызынын бир тууган сиңдиси. Сынакка жалпысынан 27 сулуу катышкан.