БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Башкы катчы Кыргызстандын тездик менен өнүгүп жатканын, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда орду өзгөчө экенин белгилеген.
Ал эми Жапаров Кыргызстан БУУнун толук кандуу мүчөсү катары климаттын өзгөрүшү, жакырчылык, жаңжалдар жана теңсиздик сыяктуу учурдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө дүйнөлүк коомчулук менен тыгыз кызматташууга умтуларын айткан.
"Президент Антониу Гутерришти 2026-жылдын күзүндө Бишкекте Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтө турган "ШКУ+" саммитине катышууга чакырды. Башкы катчы чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров, андан тышкары, Тонга Королдугунун премьер-министри Аисаке Эке, Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза жана Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен да жолугушкан.