БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучу курамы отставкага кеткенин өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматта башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу (Калилов) жана анын штабына кирген Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков кызматын тапшырып бергени белгиленген.
Федерация машыктыруучуларга өлкөдө грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Буга чейин күйөрмандар балбандардын дүйнө чемпионатындагы жыйынтыгына нааразы болгон. Спортчулар бул турнирде бир эле коло медаль тагынды. Аны федерация жакшы натыйжа катары сыпаттап, мурдагы машыктыруучулар 8 жылда бир медалга жетсе, азыркы команда аны 9 айда эле жасаганын белгилеген.