БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 26-сентябрь, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +27...+29 градуска көтөрүлөт.