Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКы тарабынан курулуп жаткан "Ынтымак" турак жай комплексинен кабар алды. Бул тууралуу өкмөт билдирди. Маалыматка караганда, борбор калаанын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" комплексинде 18 жана 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй салынат. Касымалиев калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Беш баланын апасы Элзат Асанова "Жылдын мыкты мугалими — 2025" наамын жеңип алды Ал Түп районундагы Долон орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Республикалык сынакка 112 мугалим катышкан. Жобо боюнча бул наамды алгандарга батир каралган. Асанова соцтармактагы баракчасы аркылуу бардыгына ыраазычылык билдирип, кубанычтан көзүнө жаш алган.
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттерди жыл сайын, жарым жыл сайын же белгилүү бир модулдан кийин аттестациядан өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында окуу жайды атайын комиссия текшерген. "Жыйынтыгында окуу жайдын администрациясы тарабынан сегиз мугалимге тартиптик жаза берилип, университеттин Маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, жогорку билим тууралуу төрт диплом жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. Себеби студенттерден сессия, модуль жана жылдык сынактарды алууда тартип бузулган. Атайын кызмат коррупцияга аралашкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Америка президентинин Украинанын мурунку чек арасына кайтуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөзү Россияга кысым көрсөтүү үчүн айтылды. Бул тууралуу CNN АКШлык чиновниктерге таянуу менен билдирди. Эскерте кетсек, Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин "Украина ЕБдин колдоосу менен өлкөнү алгачкы калыбына келтирип, керек болсо андан да ары бара алмак" деген. Зеленский мындай билдирүүгө абдан таң калганын айтса, Трамп Украинанын кандайдыр бир чара көрүүсүнө убакыт жеткенин белгилеген болчу. "Трамп НАТО лидерлеринин азганактай бөлүгү колдоого алган мындай позицияны ачык айтып, эки тараптын тынчтыкка келүүсүн эртелетмекчи", — деп айтылат маалыматта. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 95 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-сентябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +27...+29 градуска көтөрүлөт.