Камсыздандыруу полиси — чыныгы коопсуздуктун кепилдигиби?

Sputnik
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2016-жылдан бери иш алып барып, турак жайларды, автоунааларды жана социалдык мекемелерди камсыздандыруу кызматын көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 миллион 251 миң турак жай катталып, алардын 29,5 пайызы камсыздандырылган. Ошондой эле 1 миллион 700 миң автоунаанын 13 пайызы камсыздандырылган. Мамлекеттик уюм тарабынан Осаго полиси боюнча 71 миллион сомдон ашуун келишим түзүлгөн. Бул кызматты жеке камсыздандыруу компаниялары да көрсөтүүгө укуктуу.
Мындан сырткары, чет өлкөгө чыккан жарандарды жана Кыргызстанга келген туристтерди камсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Камсыздандыруу төлөмдөрү мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп, жарандар тиешелүү документтерди чогултуп, уюмга кайрылуу менен жардам ала алышат.
Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү “Ачык кеп” программасынын алкагында айтып беришти.