Медиктер үчүн 5 жылдык милдеттүү иш тажрыйбасы: кандай шарттар каралган?

Sputnik
Саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын жетишсиздиги жана дарыгерлерди колдоо маселелери талкууланды. Асанкулова Махаббат кадрларды даярдоо жана кызматта кармоо боюнча чараларды белгиледи. Чаргынбаев Эламан эмгек акыны көтөрүү жана стимулдаштыруу пландары жөнүндө маалымат берди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде мыйзам долбоору каралган. Министр Эркин Чечейбаев документти сунуштап, анын максаты мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу экенин айтты. Эркин Чечейбаев учурда үч жылдык дипломдук иштен кийин мамлекетке үч жыл иштеп берүү бар болгонун, эми мыйзам долбооруна ылайык дагы эки жыл кошумча киргизилерин тактады.
Саламаттык сактоо тутумунда кадрлардын жетишсиздигин кантип толукташат, медиктердин айлыгын көтөрүү үчүн эмне пландаштырылууда, дарыгерлерди кол салуулардан кантип коргоо ниеттенүүдө, бул жана башка суроолорго саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жооп беришти. Аймактарда кайсы кадр жетишпесе жаңы окууну бүткөндөр ошол жакка бөлүнөт. Аларга мамлекет кандай шарт түзүп берет?