Кыргызстанда жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Программа жашыл экономиканын принциптерин мамлекеттик деңгээлде бекемдөө жана өлкөнүн экономикасынын приоритеттүү секторлорунда жашыл интервенцияларды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул программа тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Экономика жана комерция министрлигинин Эл аралык каржылоо, жашыл экономика жана туризм башкармалыгынын башкы адиси Амантур Толебеков жооп берди.