БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкектиктер Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол жай жасалып жатканын айтып, кечээки тыгындын сүрөт, видеосун жүктөшкөн. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн соцтармак аркылуу жооп берди.
Учурда аталган трассанын Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабык. Соцтармак колдонуучулары кечээки жамгырда трассада кыймыл тыгындан улам токтоп калганын, эл айласы кетип жолдун бир тарабы менен жөө кеткенин жазышкан. Шаар тургундары жол жабылганы менен иш кыйратып жүрбөй, курулуш жай болуп жатканына нааразы.
Калаа мэри шаардыктардын даттанусуна жооп берип, элди сабырдуу болууга чакырды.
"Бул жерде ирригациянын баарын жаңылап жасаш керек. Суу, канализация тутумдарынын баары ушул жерде жайгашкан. "Иш жүрбөй жатат, созулуп жатат" дегенге жооп бериш кыйын. Ыңгайсыз шарт бар. Элди сабырдуулукка чакырам. Бир тарабында кыймыл акырындан болсо да бар. Жумушчулар жолду жасап жатат", — деген мэр.
Ошондой эле жолдун экинчи тарабын капиталдык оңдоодон өткөрүү тыгындан улам кийинки жылга калганын кошумчалаган.