БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылы ал "Береке" курулуш компаниясын жетектеп турган, ошол учурда А.А. аттуу жаран менен көп кабаттуу үй куруу үчүн үлүштүк келишим түзгөн.
"А.А. Ош шаарынан 45 сотых жерин берип, курулуш бүткөндө 2 750 чарчы метр аянт алмак. Бирок шектүү милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өз атына мыйзамсыз каттатып алган. Учурда ал камакка алынды", — деди атайын кызмат.
Инициалдарга 2020-жылдын август айында "Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Садиков Улугбек Чирмашович туура келүүдө.