БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ президенти Дональд Трамптын Евробиримдиктин дарегине айткан сынына жооп берип, Америка өзү Евробиримдиктин идеологиясын жана элитасын түзгөнүн эске салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп кечээ күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан Европа өлкөлөрүн миграциялык кризисти жөнгө сала албаганы үчүн сынга алып, Евробиримдик "тозокко бара жатканын" айткан.
"Мунун баары эмнеден улам болуп жатат? Евробиримдик адекваттуу жооп кайтаруу чараларын көрө албагандыгынан болууда. Европаны мындай абалга ким жеткирди? Батыш Европа кимдин таасири алдында эле? Албетте, Американын көзөмөлүндө болчу. Вашингтон бир кезде колу менен кылганын эми мойну менен тартып жатат", — деди Захарова.
Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Вашингтон алгач Батыш Европанын элитасын, андан кийин бүткүл Евробиримдиктин элитасын калыптандырганын, ал эми СССР өз аймагын жана Чыгыш Европаны калыбына келтирүү менен алек болгонун белгиледи.