ЦУМдун жанындагы курулуш кайсы баскычка жетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. ЦУМдун жанындагы Old Bishkek жер өтмөгүн курууга байланыштуу бардык иштерди жыл этегине чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу курулуштун демилгечиси, экс-мэр Нариман Түлеев билдирди
Анын айтымында, жумушчулар беш блокту бүтүрүп, жакында Шопоков көчөсүнө жакын жайгашкан алтынчы блоктун курулушун башташат.
"Жер алдында да иштер кызуу жүрүүдө. Жыл аягына чейин бардык иштерди бүтүрөбүз деген үмүттөбүз", — деген Түлеев.
Жер өтмөктү салуу иштери майдын аягында башталып, аны эки жылда бүтүрүү убадаланган. Ал эми жол 6-8 айда ачылары айтылган.
Мэр Дэн Сяопин көчөсүндө жол жай жасалып жатат деп нааразы болгондорго жооп берди