БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын колдон чыгарган жерлерин кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жар салып жатып, аталган өлкөнү жарга кептеди. Бул туурасында америкалык жөө аскерлердин чалгын кызматынын отставкадагы офицери, америкалык аналитик Скотт Риттер айтканын РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү Ак үйдүн кожоюну Киев ЕБдин колдоосу жана НАТОнун финансылык көмөгү менен алдырып жиберген жерин кайра тартып алууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин билдирген эле.
"Ал Украинаны жарга кептеди. Муну менен катар эле европалык экономиканы талкаланууга түрттү, ал эми НАТОну өзүнүн айткандарын аткарбаган же ишенимди актабаган, жөн гана "сөз жүзүндөгү жолборско" айланууга дагы салымын кошту", — деген серепчи.
Риттер америкалык лидер эми бул жаңжалдан четтеп кетүүнү чечти деген пикирин билдирген.