Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Камчыбек Ташиев жети балалуу жалгыз бой эне Гүлнур Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, жолдошунун ичкенинен улам ажырашып кеткен келин балдары менен кризистик борбордо жашап келген. Ал колундагы 10 айлык баласы менен ишке орношууга, батир ижаралоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып Камчыбек Ташиевге кайрылган.
1 / 3

Камчыбек Ташиев жети балалуу жалгыз бой эне Гүлнур Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

2 / 3

Маалыматка караганда, жолдошунун ичкенинен улам ажырашып кеткен келин балдары менен кризистик борбордо жашап келген

3 / 3

Ал колундагы 10 айлык баласы менен ишке орношууга, батир ижаралоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып Камчыбек Ташиевге кайрылган

"Генерал-полковник анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди", — деп айтылат маалыматта.
Үйлүү болгон келин УКМК төрагасына ыраазычылык билдирген.
Ташиев майыптыгы бар кишиге үй салдырып, жалгыз бой келинге батир белек кылды