Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Торунан өздөрү чыгалбай калышты". Россия БУУда украин согушу боюнча билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский уюмдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып Украина менен болгон чатак жөнүндө бир нече билдирүү жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"ЕБ менен НАТО антироссиялык украин долбоорунда катуу мүдүрүлдү. Иштеринин баш-аягы чаташып, өздөрү чалынган тордон эми кантип кутуларын оңгулуктуу аңдабай турушат", — деди ал.
Брюссель аңдабай туруп согуш отун жалындатып, Россияны болушунча душман кылып көрсөтүүгө аракет кылып келет.
"Деген менен аталган европалык демократиялар буга кол чаап, кубаттап жатышат, негизсиз түрдө Россия Украинаны тебелегиси келип жатат дешүүдө. Бизде эч качан мындай максат болгон эмес. Бул — Киевдеги кичинекей аткаминердин кызарбай туруп айткан калпы", — деген Полянский.
Европа БУУнун Коопсуздук кеңеши Украина согушта жеңилбейт деген башка дүйнөдө жашап жана тынчтыкты орнотуу аракеттерине катышпайт деген ишенимде болгонун каалайт.
Бул үчүн эң ылайыктуу формат — Стамбулдагы сүйлөшүү аянтчасы.
"Калган маселелер туурасында эксперттик сунуштар, бүтүмдөр чыккан нерсеге жеткенден кийин гана кеп кылууга болот. Тилекке каршы, ага чейин дагы көп бар", — деп Полянский белгиледи.
Шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги апталык жыйыны башталды. Кечээтен бери сөз алган бир катар президенттер эл аралык кырдаалга баасын берип, олуттуу болуп турган согуштар туурасында кеп кылышты.
Ага Россиядан РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров жетектеген делегация катышууда.
Ал эми Кыргызстандан президент Садыр Жапаров өзү барды. БУУнун трибунасынан түндө ал бир топ көйгөйлөрдү көтөрүп, тагыраагы, Газадагы согушту токтотууга, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырды.
Жапаров Нью-Йорктогу БУУ жыйынында Батыштын кош стандарты тууралуу айтты