Россия менен Казакстандын ортосуна от жакмак. РФ ТИМи фейк видео тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев боюнча комментарий берди деген видео дипломатиялык фейк экендигин билдирди. Бул маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье таратты.
Анда видеокомментарийди Токаевдин Нью-Йоркто Владимир Зеленский менен жолукканына россиялык дипломат өзүнүн баасын берип жаткандай кылып жасап чыгышкан.
Муну төгүндөгөн министрлик салыштыруу үчүн эки видеону тең берген. Бул жосунсуз нерсени таптакыр башка багытта, быйылкы жылдын 21-июнунда Захарова берген интервьюга чапташкан. Ага ChatGPT менен РФтин ТИМ өкүлүнүн кол жаңсоолору, эмоциясы жана үнү жасалып, кошулган.
"Бул — одоно, арамдык менен жасалып, казак санарип айдыңына атайылап ташталган иш. Максаты — Россия менен Казакстан мамлекеттери менен элинин ортосуна от жагуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик мында "украин атайын кызматынын тааныш издери" байкалып жатканын белгилеген.
Россиянын элчилиги: сак болгула, Вакуновдун атынан шылуундар кат жазууда