БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россия президенти Украинада тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө ачык. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Россиянын Украинадагы кырдаал боюнча позициясын америка тарапка тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушканда жеткирерин белгиледи.
Билдирүүнүн негизги учурлары:
Москва Вашингтон менен кызматташууну жакшыртууга ачык;
Россия менен АКШнын алакасын жөнгө салуу процесси ойлогондой тез жүрбөй жатат;
Украина аймактарды кайтара алмак деген кеп суу кечпейт, фронттогу динамика баарына далил;
Украинадагы абал 2022-жылдагыдан кыйла татаал, Киевдин позициясы ушу тапта бир топ начарлады.