Министрлик: быйыл кышында жарык маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Быйыл кышында электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов парламентте билдирди.
Ал төрт мамлекет менен 4 миллиард киловатт-саат энергия импорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн, бул таңсыктыкты жабууга жол берерин белгилеген. Депутаттар ага кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүнбү деген суроо узатышты.
"Эгер электр энергиясы чет жактан үзгүлтүксүз келип турса, камсыздоо туруктуу болот. Бир жагдай бар: электр кубаты көп пайдаланылган убакта, кечинде, маал-маалы менен өчүрүп турушубуз ыктымал", — деди Ысманов.
Министрдин орун басары быйылкы кыш абдан оор болорун кошумчалады.
Энергетика министри быйыл Кыргызстанда эң оор кыш болорун айтты