Кыргызстанда укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкы пайда болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанда myizam.kg укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Платформа тармактар боюнча ченемдик-укуктук актыларды системалаштырат жана аларды издөөнү, колдонууну бир топ жеңилдетет. Жер, салыктар, эмгек, сот адилеттиги жана башка багыттар боюнча керектүү документтерди эми тезирээк табууга болот.
Мекеме жарандарды ресурсту сынап көрүүгө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды калтырууга чакырды.
Эми салык төлөөчүлөргө AiSalyk аттуу жасалма интеллект жардам берет