Кыргызстан чек ара маселесин чечүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан татаал тарыхый-географиялык шарттарга карабастан Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып билдирди.
Ал бул процесс узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолуп, бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары достуктун, сооданын жана кызматташтыктын чек арасы экенин ишенимдүү айта алам", — деген өлкө башчысы.
Ошондой эле Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр экендигин кошумчалаган.
Жапаров Газадагы согушту токтотуп, Афганстандын активдерин кайтарууга чакырды