Радио

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду алуунун жол-жобосу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин жетектөөчү адиси Айтбүбү Бахтияр кызы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул кимдерге берилерин жана аны алуу тартиби тууралуу айтып берди.
Sputnik
2024-жылы республика боюнча 28 589 аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алган. Бул тууралуу Айтбүбү Бахтияр кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жөлөк пулдун көлөмү өткөн жылы жогорулап, учурда 7500 сомдон берилүүдө.
"Кош бойлуу жана төрөгөн аялдар бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул ала алышат. Мыйзамга ылайык, иштеген кош бойлуу аялдарга 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайызы, ал эми 11-күндөн тартып айына 2000 сомдон республикалык бюджеттен берилет. Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеп жаткан аялдарга бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы төлөнөт. Ошентип бүгүнкү күндө жөлөк пулдун көлөмү 7000-7500 сомду түзөт. Жөлөк пулду иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан же фермер чарбанын мүчөлөрү жана белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу аялдар ала алышат. Бул үчүн кызматкер иш берүүчүгө эмгекке жарамсыздык баракчасын жана арыз тапшырат. Калгандары Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу керек", — деди Бахтияр кызы.
Ал иштебеген жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу жок аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул берилбей турганын кошумчалады.